Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Жеңиштин 75 жылдыгы: Кыргызстанда 262 ардагер калды


Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаары. Жеңиш күнүн майрамдоо. 2019-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаары. Жеңиш күнүн майрамдоо. 2019-жыл.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери калды. Бул тууралуу 24-февралда өкмөттө өткөн жыйында айтылды.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын белгилеп, эгерде 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын саны 262и экенин кошумчалады.

«Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет», деди өкмөт башчы.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. 2018-жылы ардагерлердин саны 475 болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG