Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

Коронавирус: Кыргызстанда 61 кытайлык көзөмөлдө турат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын 61и Кытайдын жарандары. Бул тууралуу 24-февралда «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген 1000ден ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 29 өлкөдө катталган коронавирус 77 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2692 адам каза болду, 25 миңдейи айыгып чыкты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG