Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Чек ара маселесин көтөрүп жүргөн депутатты колдогон акция өттү


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Бишкекте «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевди колдогон акция өттү. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдына «С.Бөрүбаевге боштондук!» деген жазуу менен чыкты.

«Мекенчил уул Сапарали Бөрүбаев эч кандай жазыксыз түрмөдө отурат. Адам укуктары тебеленип жатат. Чындыкты сүйлөгөн адамды абакка камап коюшту. Аны бошотууну талап кылам!» - деди Токтонасыров.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев 14-февралда Жазык кодексинин 266-беренесинин («Ээнбаштык») негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, ээнбаштык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, «12-февраль күнү саат 19.00 чамасында эч бир себепсиз сөгүп, сабады» деп, Сапарали Бөрүбаевге каршы Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз жазган. Арыз ээсинин жараатын аныкташ үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG