Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Жогорку соттун аппаратын жетектей баштады


Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Эркинбек Мамыровду жамаатка тааныштырууда. 21-февраль, 2020-жыл.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Эркинбек Мамыровду жамаатка тааныштырууда. 21-февраль, 2020-жыл.

Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров Жогорку соттун аппарат жетекчиси болду. Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин аппаратты башкарып турган Марат Осмонкулов өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Эркинбек Мамыров 2012-жылы Конституциялык палатанын мүчөсү болуп жети жылдык мөөнөткө шайланган, 2016-2019-жылдары палатанын төрагасы болуп турган. Быйыл Конституциялык палатанын бошогон орундарына талапкер катары катышып, бирок январь айында арызын кайтарып алган.

Учурда Сот тандоо кеңеши президентке сунуш кылган 13 талапкердин 12си Конституциялык палатада бошогон судьялык үч орун үчүн ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG