Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Ошто Шахмат академиясы ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто шаардагы алгачкы Шахмат академиясы ачылды. Аны эл аралык деңгээлдеги шахмат калысы Даниял Абдивалиев ачты.

Абдивалиев «Азаттыкка» билдиргендей, академия беш жаштан жогорку курактагы 200 баланы окута алат.

«Ошко келип турнир өткөргөндө ата-энелер «бизге мектеп ачып берсеңер жакшы болмок. Биз да мелдештерге катышат элек» деп суранып калышты. Буга чейин Бишкекте мектеп ачайын деп ойлоп жүргөм. Ата-энелердин суранычы менен Ошто ачтык», - деди ал.

Академияда Орусиянын жана Индиянын үйрөтүү ыкмасы колдонулат. Учурда ал жерде ондон ашуун бала окуп жатат.

Кыргызстанда кийинки жылдары шахматка үйрөтүү ийримдери көбүрөөк ачыла баштады. Бүгүнкү күндө өлкөдө акыл таймашынын бул түрүн кесипкөй деңгээлде окутуучу жети жай бар. Алгачкы академия Бишкекте жайгашкан. (DU)

XS
SM
MD
LG