Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Акыйкатчы майыптар маселесин талкуулады


Акыйкатчы Токон Мамытов «Келечек плюс» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алып, алар менен майыптар маселесин талкуулады.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо менен алектенүүчү уюмдун жетекчилиги күнүмдүк жашоодо туш болуучу көйгөйлөр, айрыкча коомдук унааны пайдалануудагы ыңгайсыздыктар тууралуу айтты.

Мамытов мындан ары тыгыз кызматташтык орнотуш үчүн меморандумга кол коюуну сунуш кылды. Бул сунуш талкууланып, меморандумдун тексти даярдалмай болду.

Майыптардын айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам дээрлик иштебейт.

Кыргыз өкмөтү бул социалдык катмардын маселелерин чечүү боюнча акыркы айларда чечкиндүү аракеттер жүргөнүн билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG