Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:27

Майыптардын укуктары жетиштүү корголо элек


Майып адамдар үчүн шаймандар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын отуз миңге жакыны он сегизге чыга элек.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзам дээрлик иштебейт.

Кыргыз өкмөтү бул социалдык катмардын маселелерин чечүү боюнча акыркы айларда чечкиндүү аракеттер жүргөнүн айтууда. Ушу тапта Бириккен Улуттар Уюмунун Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого алуу боюнча эл аралык конвенциясы парламенттин кароосунда турат.

21 жаштагы Адина Самыйбек кызы - биринчи топтогу майып. Ал үчүн Майыптардын эл аралык күнүнө карата беш жылдыздуу "Жаннат" мейманканасында өтүп жаткан өкмөттүк иш-чарага катышуу бир топ түйшүк жаратты. Себеби өзү сыяктуу майыптык араба менен жүргөндөргө жыйын өтө турган экинчи кабатка көтөрүлүү үчүн атайын шарт жок экен:

- Көчөдө жүргөндө дайыма эле ыңгайсыз болот. Жолдун баарында биздин арабабыз өтө албай турган секичелер. Бир жакка барайын десең маршруттук бустар. Аларга өзүң отура албайсың. Ага түшүүгө бирөөнүн жардамы керек. Дайыма такси менен жүргөнгө туура келет. Ага акча кетет. Пандус жасалса да анысы тек гана көрсөтмө үчүн жасалат. Ал биз үчүн ыңгайсыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тубаса эки буту баспаган Адина мындан сырткары өзү сыяктуу жаштарга билим алуу, кайсы бир жерде иштөө да өтө чоң тоскоолдуктарды жаратарын айтып кейиди.

Биринчи топтогу майып, "Ынсап элим" коомдук фондунун жетекчиси Төлөбек Бейшенбеков Кыргызстанда Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугу кагаз жүзүндө гана корголгонун, реалдуу турмушта таптакыр башкача экенин кеп кылды:

- 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда, мисалы, “ар бир өкмөттүк мекемеде иштегендердин беш пайызын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар түзсүн” деген квота берилген. Бирок ал эч качан ишке ашпайт экен. Анткени биздей мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын билим алышы өтө кыйын. Мисалы, мектептен жакшы окубай калат. Андан кийин ЖОЖдордон деле кайсы бир кесипке ээ болушуна мүмкүнчүлүк жок. Андыктан мекемелерде иштей албайт экен.

Төлөбек өкмөт ушул багытта иш жүргүзүп, технология өнүгүп турган заманда майыптарды аралыктан окутуу жагы колго алынса деген сунушун айтты.

Буга чейинки жылдарда майыптардын саны азыркыдан кыйла аз эле. Акыркы жылдарда айрыкча балдар арасында бул көрсөткүч кескин көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Анын себеби - энелери туура эмес тамактанган же төрөй турган кезде ооруп калышкан. Андан сырткары, миграция да абдан чоң таасир этип жатат. Дагы бир себеп: Орусияда мигрант айымдар балдарын таштап кетсе, алардын дени сактарын ал жакта асырап алышып, оорулуулары Кыргызстанга жеткирилүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңеште эки-үч жылда кайра-кайра майыптыкты аныктай берүү тууралуу маселе көтөрүлүп, “бул атайын түзүлгөн коррупциялык механизм эмеспи?” деген суроо коюлган. Социалдык коргоо министринин орун басары Жаңыл Алыбаева мындай сын пикирлерди четке кагып, акыркы кезде майыптардын саны балдардын онкологиялык оорусу күчөгөндүктөн көбөйгөнүн айтты. Ал буга чейин көпчүлүк ата-энелер шал төрөлгөн балдарын майып катары каттатпай келгенин да кошумчалады:

- Жарандарга майыптыкты медициналык-социалдык эксперттик комиссия берет. Биз азыр ошол тармакты да реформалайлы деп жатабыз. Реформа Дүйнөлүк банктын каржысы менен ишке ашат. Мында биз мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөтүү боюнча жекече реабилитациялык программаларды иштеп чыгабыз. Азыр бизде кан тамыр, жүрөк оорулуулар боюнча да майыптар көбөйүп жатат. Менимче алар үчүн биз реабилитациялык борборлорду күчөтүшүбүз керек.

Алыбаева өкмөттөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдош үчүн жыл сайын он миллиард сомдон ашык каражат жумшаларын, мындан сырткары эл аралык уюмдардан, донорлордон да кайтарымсыз каражаттар келип турарын билдирди. Бирок алардын суммасы канча экенин так айта албайт экен.

2019-жылдын башынан тартып I топтогу майып балдардын ата-энелери ай сайын 4962 сомдон маяна алып турушат. Бул үчүн бюджеттен жылына 400 миллион сом каражат керектелет. Кийин ал ата-эне ушул алган маянасынын негизинде пенсияга чыгат. Бул тууралуу бүгүн "Жаннатта" өткөн жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Билесиздер, биз жакында БУУнун Майыптардын укуктары боюнча конвенциясын колдоп, биринчи жолу чечим кабыл алдык. Эми ал документти парламент колдоп берет деп ишенебиз. Быйыл өкмөттүн токтому менен мындан башка да бир нече чечимдер кабыл алынды. Июнь айынан бери жөлөкпулдардын саны 2400 сомдон 4000 сомго чейин көтөрүлдү. Албетте бул аз. Бирок аз болсо да бул кадамдар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргош үчүн жасалган биринчи кадамдар деп эсептейм.

Учурда өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелгендерди тейлей турган тогуз жүзгө жакын социалдык кызматкери бар. Алар багар-көрөрү жок жалгыз калган майыптарды, кары-картаңдарды үйүнө барып карап турууга даярдалган. Бирок учурда бул багыттагы адистер жетишсиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG