Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун иши карала баштады


Сот залына журналисттер киргизилген жок.
Сот залына журналисттер киргизилген жок.

Жогорку сотто 2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши карала баштады.

Сотко Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жана уулу Шерзод Аскаров катышууда. Алар «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып «бүгүн жакшы чечимден үмүт кылып жатканын» айтышты.

"Азимжандын боштондукка чыгышын дүйнө талап кылып жатат. БУУнун чечимин Кыргызстан аткарган жок. Аткарышы керек да. Соттон жакшы чечим күтүп жатам", деди Хадича Аскарова.

Жараянга эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да көз салууда.

Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.

Азимжан Аскаров Жогорку Сотто иши башталаардан мурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга түрмөдөн кайрылуу жолдогон.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG