Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Түркмөнстан: бюджеттик мекеме кызматкерлерине жума намазга барууга тыюу салынды


Түркмөнстан. Ашхабаддагы мечитте өткөн майрам. 19-август, 2012-жыл.
Түркмөнстан. Ашхабаддагы мечитте өткөн майрам. 19-август, 2012-жыл.

Түркмөнстандын Лебап облусунда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине жума намаздарга барууга тыюу салынды. Мындай тыюу түркмөн президенти Лебапта жаңы мечиттин ачылышына келген убакка туш келди. Бул тууралуу «Азаттыктын» Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.

«Билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана аскер кызматкерлерине жума намазга катышууга жана иштеген жеринде намаз окууга тыюу салынат. Жума намазга барган же иштеген жеринде намаз окуган адам жумушунан айрылары алдын-ала эскертилди. Бирок айрым кызматкерлер ишинен айрылып калуу коркунучуна карабай мечитке каттап жатышат», деп кабарлады ал.

Түркмөнстандын Лебап облусундагы башкы мечит 5 жыл бою салынды. Аны түптөө салтанатына президент Гурбангулы Бердымухамедов 2015-жылы өзү катышкан. Өлкөнүн маалымат агенттиги тараткан жарыяга караганда ал мечит 3 миң адамга ылайыкталган.

Дүйнөбий мамлекет деп эсептелген Түркмөнстанда жума намаздарда президенттин душмандарын каргоо кадимки көрүнүш. (YI)

XS
SM
MD
LG