Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Баткен облусуна барды


Назирмад Ализода жана Алишер Абдрахманов.  
Назирмад Ализода жана Алишер Абдрахманов.  

Баткен облусуна барган Тажик Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 25-февралда жолукту.

Облустук бийликтин маалыматына караганда өкмөттүн өкүлү Алишер Абдрахманов элчи Назирмад Ализоданы Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн, кошуналык мамилесин бекемдөөгө багытталган ишине ийгилик каалады.

Элчи Ализода өз кезегинде өкмөттүн жаңы өкүлү Абдрахмановду кызмат орду менен куттуктап, эки өлкөнүн чек ара аймактарында келип чыккан маселелерди биргелешип чечүү, пикир келишпестиктердин алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга ынтызар экенин билдирди.

Жолугушууда чектеш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелери талкууланды. Тараптар жергиликтүү элдин кошуналык мамилесин калыптандырууга, эки өлкөнүн чек арасын тактоо жумуштарын илгерилетүүгө көмөктөшүүнү макулдашты. Алар Баткенде жана Тажикстандын аймагында жашаган кыргыздар менен тажиктердин жашоо турмушу тууралуу да пикир алмашты.

Кыргызстанда 50 минден ашуун тажик жашайт. Анын 35 миңден ашууну Баткен облусунун аймагында. Тажик тилинде 7 мектеп билим берет. (JsA)

XS
SM
MD
LG