Коронавируска байланыштуу соңку жагдай дүйнөлүк базарга да таасир этүүдө. АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы вируска каршы күрөштү күчөтүү максатында Конгресстен 2,5 миллиард доллар сурады. “Талибан” кыймылынын согушкерлери өткөн аптада жетишилген “зомбулукту азайтуу” макулдашуусуна карабай 24-февралда чабуулун улантышты. Нур-Султан шаарынын полициясы активист Дулат Агадил тергөө абагында жүрөгү кармап көз жумганын билдиргенден кийин ондогон киши Ички иштер минстрлигинин алдына чогулду. Тартип коргоочулар аларды кармап кетишти.
Чыгарылыштар
-
Апрель 01, 2026Ирандагы согуш эки-үч жумада токтойбу?
-
Март 30, 2026Пентагон Иранда жердеги операциясын баштайбы?
-
Март 26, 2026Пикири үчүн соттолгон Жээнтаев абактан чыкты