Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Жарандык активист өмүрүнө коркунуч болуп жатканын айтып, президентке кайрылды


Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча элдик комиссиянын мүчөсү Айбек Мырза мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жиберди. Ал айрым адамдар алтын кенин иштетүү боюнча элдик комиссиянын ишине каршылык кылып, 20-февралдагы жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышканын айтты:

«20-февралдагы жыйыныбызда белгисиз адамдар залга кирип келип, мени сыртка сүйрөп чыгууга аракет кылышты. Бирок комиссия мүчөлөрүнүн аракети менен отурум аягына чейин уланды. Жыйындан чыккан учурда облустук администрациянын имаратында жарык өчүрүлүп, коридордо бейтааныш бирөө артыман бөйрөк тушума сокку урду. Мен муну өз өмүрүмө коркунуч деп эсептейм».

Айбек Мырза мунун артында Талас облустук администрациясынын адамдары турат деп эсептейт. Ал президентке алтын кен тууралуу туура эмес маалыматтар жетип жатышы ыктымал экенин айтып, кабыл алуусун өтүнгөн.

Активисттин кайрылуусунда айткандарын жергиликтүү бийлик четке кагууда. Өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров Айбек Мырзага эч кандай опуза, жыйын өткөрүүгө тоскоолдук болбогонун «Азаттыкка» билдирди.

Жерүйдө 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери аны иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашты. Акыркы жолу кыргыз өкмөтү 2015-жылы Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, соңунда орусиялык «Востокгеолдобыча» компаниясы жеңген. Келишим боюнча Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок. Бирок учурда Таластагы кенди иштетип жаткан «Альянс Алтын» ЖЧК убагында Кыргызстандын моюнуна түшкөн 580 млн. доллар карызды төлөөгө жардам бергенин билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, кенди иштетүү мөөнөтү кечеңдегени үчүн «Альянс Алтын» ишканасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке караштуу атайын комиссия былтыр жыл башында айыпка жыккан.

Айрым жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер Жерүй алтын кенин элге, мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүп чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG