Муфтияттын маалыматына караганда 2020-жылдагы ажылык сапардын акысы 3350 долларды түздү. Ажылык сапарга катталып, алдын-ала 500 доллар төлөгөн жарандар калган 2850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөшү зарыл. Төлөм РКС банк аркылуу жүргүзүлөт.
Былтыр зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болгон эле. Муфтият быйылкы баанын көтөрүлүшүн Сауд Арабиясы визага, медициналык камсызданырууга акча алына тургандай кылганы менен байланыштырууда. Мындан тышкары Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүү кымбаттаган.
Муфтият эскерткендей, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан ажылыкка катталган талапкерлер акча төлөөдөн мурун квотага илингенин аныктап алышы керек. Аталган аймактарда ажылыкка барууну каалоочулардын саны Сауд Арабиясы берген квотадан ашып кеткен.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык орунга 6110 квота бөлгөн.
Кыргызстандыктарды быйыл ажылык сапарга «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. (ZKo)