Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьяларын шайлайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын үч судьясын шайлайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун билдирди:

«Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңеш шайлашы күтүлүүдө. Алардын талапкерлиги буга чейин тармактык комитетте каралган».

Конституциялык палатанын судьялары парламенттен шайлангандан кийин аларды президент бекитет. Конституциялык палатада былтыр бошогон судьялык үч орун үчүн Сот тандоо кеңеши 13 талапкерди президентке сунуш кылган. Алардын ичинен мурдагы судья жана Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров талапкерлигин алып койгон.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда «Соттордун макамы жөнүндө» мыйзамга жана «Сот тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун 2-окуудан карайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG