Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак дүйнөдөн кайтты


Хосни Мубарак (солдо) вице-президент кезинде. Оң жакта президент Анвар Садат. 6-октябрь, 1981-жыл.
Хосни Мубарак (солдо) вице-президент кезинде. Оң жакта президент Анвар Садат. 6-октябрь, 1981-жыл.

Убагында Египетти дээрлик 30 жыл бою башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду. Ал өлкөнү 1981-жылдан 2011-жылга чейин башкарып турган.

1981-жылы 6-октябрда Каирде аскердик парад учурунда Египеттин ошол кездеги президенти Анвар Садат террорчунун огунан мүрт кеткен. Көп өтпөй анын ордуна Хосни Мубарак президент болуп келген.

1987-1993 жана 1999-жылдары референдум аркылуу улам шайланып отурган.

2005-жылы өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизилип, бардык партияларга президенттик кызматка талапкер көрсөтүү укугу берилген. Жаңы мыйзам ишке киргенден кийин да Хосни Мубарак шайлоодо утуп чыккан.

2011-жылы 11-февралда «араб жазы» деп аталган ыңкылаптар учурунда Хосни Мубарак кызматынан баш тартууга аргасыз болгон. Андан кийин камакка алынып, бир нече айыптардын негизинде өмүр бою эркинен ажыратылган.

Хосни Мубарак СССР убагында Кыргызстандын Токмок шаарындагы учкучтарды даярдоочу окуу жайынан окуп кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG