Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын соту башталды


Серж Саргсян сотто. 25-февраль, 2020-жыл.

25-февралда Ереванда Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын соту башталды. Бул тууралуу «Армения жаңылыктары» басылмасы кабарлады.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши дыйкандарды колдоо боюнча мамлекеттик программадан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу козголгон. Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.

Шейшемби күнү Еревандагы Аван жана Нор Норк райондук сотторунда процедуралык маселелер талкууланды. Кылмыш ишинин өзү боюнча жыйындар бир нече жумадан кийин башталат.

Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты менен тарапташтары ишти саясий куугунтук катары баалашууда.

«Бул иш Серж Саргсяндын саясат менен жигердүү алектенишине мүмкүнчүлүк бербеш үчүн ойдон чыгарылган», - деди адвокат Амрам Макинян.

Арменияда эки мөөнөт катары менен президенттик кызматты ээлеген Саргсян 2018-жылы бийликтен кеткен. Анын премьер-министр катары кызматта калуу аракети нааразылык акцияларына себеп болуп, жыйынтыгында өкмөт башына мурдагы журналист Никол Пашинян шайланган.

2019-жылы декабрда Саргсян коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, анын Армениядан чыгышына тыюу салынган. 65 жаштагы экс-президент күнөөлүү деп табылса сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG