Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдагандай, семинар 12-апрелде өткөнү жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык максатында өткөрүлүүдө.
26-февралда БШКнын мүчөлөрү мындан тышкары Оштогу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине да «Шайлоо учрунда тартипти камсыз кылуу жана мыйзамсыздыкка каршы туруу» деген тренинг өткөрөт.
12-апрелде Ош шаардык кеңешине шайлоо болот. 25-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өткөн. Анда мэр Таалайбек Сарыбашов шаардагы 76 шайлоо участогунда добуш берүүгө толук шарт түзүү, электр энергиясы жана башка тийиштүү кызматтар менен толук камсыздалышы көзөмөлдө болорун билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады:
«Мэр Таалайбек Сарыбашов шайлоону уюштуруу штабынын жетекчиси катары шайлоого катышуучу бардык саясий партияларга бирдей мамиле болушу керек экенин, добуш берүү ачык жана таза өтүүгө тийиш экенин тийиштүү жетекчилерге эскертти».
Башкы прокуратура шайлоо алдындагы жапырт каттоого тургузууга байланыштуу Ош шаарынын каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин аракеттери Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын 19-августта кабарлаган.
Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринде шайлоо өтөт. (ZKo)