Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт бир адамдын өмүрүн жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, маркум 64 жашта болчу.
Өрт Папан айыл аймагында чыккан. Жыгач устундуу, шифер жабылган эки кабат турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, эки терезе жана үй буюмдары күйгөн. Кырсыктын себеби такталууда.
Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт катталды. (RK)