Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Кой-Таш окуясы боюнча иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү


Кой-Таш. 2019-жылдын 8-августу.
Кой-Таш. 2019-жылдын 8-августу.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.

Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. (RK)

XS
SM
MD
LG