Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Коронавирус: Кыргызстан карантин боюнча өлкөлөрдүн тизмесин жаңылады


Бишкек. 12-февраль, 2020-жыл.
Бишкек. 12-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечти. Бул тууралуу 26-февралда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.

«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», деп билдирди министрлик.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG