Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Ирандын өзөктүк макулдашуусуна катышкан өлкөлөр жолугушат


Тегерандын жака-белиндеги Арак өзөктүк реактору. 23-февраль, 2019-жыл.
Тегерандын жака-белиндеги Арак өзөктүк реактору. 23-февраль, 2019-жыл.

Иран менен өзөктүк макулдашууга кол койгон өлкөлөр 26-февралда Венада жолугушат. Германия, Франция жана Британия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тегеранга санкциялары кайра киргизилиши ыктымал дегенден улам пайда болгон талашты чечүүнү көздөйт.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты держава өзөктүк макулдашууга жетишкен. АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы бир тараптуу келишимден чыгып, Вашингтон Тегеранга санкцияларын кайра киргизген.

Венадагы жыйынга Ирандын, Британиянын, Франциянын, Германиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Евробиримдиктин жогорку даражалуу дипломаттары катышат.

Бул өлкөлөр Вашингтондун катышуусуз макулдашууну сактап калууга убада беришкен. Ага ылайык Иран өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү программасын кыскартып, бул үчүн эл аралык санкциялар жумшармак.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Венада туруп: «Бул эскалацияны 100% токтото албаса да, бир мүмкүнчүлүк турат», деп «Твиттер» баракчасына жазды.

Кошмо Штаттар келишимден чыгып, Вашингтондун Тегеранга «басымы күчөгөн» сайын Иран өзүнүн программасын илгерилете баштаган. Тегеран уран байытуунун жана центрофугалардын белгиленген чегинен өттү.

БУУнун Тегеранга каршы санцияларын биротоло калыбына келтирүү бир нече баскычтан турат. Эң соңку чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алат. Эгер Коопсуздук кеңеши Тегеранга каршы санкцияларды колдосо анда алар 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG