Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Казакстан 1-марттан тартып Иран менен аба каттамын токтотот

Жандарбек Бекшин.
Жандарбек Бекшин.

Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин 26-февралда билдирди. Анын айтымында Түштүк Корея менен Казакстандын ортосундагы аптасына тогуз жолку каттоо үчкө чейин азайтылат.

Бекшин: «1-мартка чейин биз жарандарыбыздын үйүнө кайтып келишине мүмкүнчүлүк беребиз. Иран боюнча абал жеңил. Ал жакта болгону 170 гана жараныбыз бар. 1-мартка чейин алар кайтып келиши керек. Көп өлкөлөр Иран менен аба каттамдарын токтотушту», - деди.

Февраль айынын башында Казакстан Кытай менен аба каттамдарын токтоткон. Ал эми эки өлкө ортосундагы «Хоргос» кызматташтык борбору январь айынан аягынан бери жабык турат.

Коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 80 миңден ашты. Анын ичинен 2,7 миңден ашыгы каза болду.

Коронавирус илдети учурда Кытайдын чегинен чыгып, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Италияда жана Иранда тездик менен жайылууда. 24-февралда Ирак, Ооганстан, Бахрейн, Кувейт жана Оман өлкөлөрүндө да коронавирус чыкканы кабарланды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирусту таратпай кармап туруу мүмкүн эмес экенин эскертишүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG