Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:32

Сот департаменти: Чечимдердин аткарылышы өтө төмөн деңгээлде


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мүлк боюнча сот актыларынын аткарылышынын пайыздык деңгээли өтө төмөн болуп жатат. Бул тууралуу 26-февралда парламентте сот тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа талкууланып жатканда айтылды.

Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов билдиргендей, былтыр бул көрсөткүч 14% гана болгон.

«2019-жылы 92 993 аткаруу барагы келип түшкөн. Мунун 44 384ү алимент карыздарын өндүрүү боюнча. Жалпы көрсөткүч 33%, себеби алимент да сот аткаруучунун жүктөмүндө. Бирок эгер алиментти эске албастан, сот актыларынын аткарылышын талдасак, 14% гана көрсөтүп жатат», - деди ал.

Капаловдун пикиринде, сот тутумуна соңку жылдары бөлүнгөн акча негизинен материалдык-техникалык муктаждыктарга жумшалып, сот актыларынын аткарылышына тийиштүү көңүл бурулбай келген. Ошону менен катар ал карызкорлор соттун чечимин аткарбай койсо жоопко тартуу каралбаганын белгиледи.

Мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүчү аткаруу документтери боюнча сумма 2019-жылы 1,5 миллиард сом болгон. Ал эми аткарылышы 6,7% болуп, 98 миллион сом гана өндүрүлгөн.

Сот аткаруучу – мүлккө байланыштуу сот чечимдерин мажбурлап аткартуучу кызматкер.

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын 2014-2017-жылдары аткарылышын жана 2019-2022-жылдарга долбоорун талкуулап жатат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG