Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Үрүмчүдөн келген 40 кыргызстандык студент карантинден чыкты


Карантинден чыккан студенттер. 26-февраль, 2020-жыл.
Карантинден чыккан студенттер. 26-февраль, 2020-жыл.

Кытайдын Үрүмчү шаарынан эки жума мурда келген 40 кыргызстандык студент 14 күндүк карантин аяктаганына байланыштуу үйгө чыгарылды. Бул тууралуу 26-февралда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, баарынын абалы канааттандырарлык.

Алар 13-февралда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин убактылуу обсервация жайларына жайгаштырылган.

«Коронавирустун жаңы түрүнө эки жолу анализ алынып, оору тастыкталган жок. Карантин мезгилинде алар менен медициналык кызматкерлер гана байланышта болду», деп билдирди министрлик.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG