Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Гүлнара Каримова казынага акча кайтарууну сунуш кылды


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевге жазган катында казынага 686 миллион долларды кайтарап берүүнү сунуш кылды. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүндү.

Катты Каримованын Лондондо жашаган кызы Иман 25-февралда «Инстаграмга» жайгаштырды. Түрмөдө отурган Гүлнара көп жылдардан бери балдарын көрө элек экенине, ден соолугу начарлаганына даттанды.

Өзбекстандын Жогорку соту Каримова баш болгон бир нече кишинин ишин 8-январдан тартып карай баштаган. Өткөн августта Башкы прокуратура эки ишкананын мамлекетке таандык акцияларын сатып, кийин чет өлкөлүк ишкерлерге саткандыгы үчүн ага каршы иш козгогон.

Андан тышкары Гүлнарага Швеция менен Швейцарияда арам акчаны адалдоого байланышкан иштер козголгон.

47 жаштагы Гүлнара былтыр мартта үй камагынын шарттарын бузган деп Ташкент облусундагы колонияга жөнөтүлгөн. 2015-жылы экс-президенттин кызы күчтөп "акча өндүргөн" жана "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен соттолгон. 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган.

XS
SM
MD
LG