Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Чыгыш Казакстанда учак кулады

26-февралда Казакстандын Чыгышында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулап, учкучу ооруканага түштү.

Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда борттогу беш кишинин үчөө экипаж мүчөсү, экөө жүргүнчү болгон. Учак түш ченде Өскемен (Усть-Каменогорск) шаарына жакын Прапорщиково айылына кулаган. Бул тууралуу аталган аймактын Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти кабарлады. 

Жергиликтүү «Tengrinews» сайты аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Владимир Линин сөзүнө таянып, учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылганын, калган төрт жүргүнчүнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилгенин кабарлады.

«Орлан 2000» авиакомпаниясына таандык Ан-2 учагы Чыгыш Казакстан облусунун борборунан санитардык тапшырманы аткарыш үчүн учкан. Кырсыкка учактын кыймылдаткычы күйүп кеткени себеп болгон. (YI)

XS
SM
MD
LG