Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Ооганстанда Ганинин инаугурациясы 9-мартка калды


Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 23-февраль, 2020-жыл.

Ооганстанда кайра шайланган президент Ашраф Ганинин инаугурациясы 9-мартка калды. Расмий иш-чарага чакыртылган дүйнө лидерлерине коронавируска байланыштуу жагдайдан улам кабар берилгенин ооган президентинин администрациясы билдирди. Алгач пландалгандай инаугурация 27-февралда өтмөк.

Өткөн аптада Ооганстандын көз каранды эмес шайлоо комиссиясы Ганини 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган.

Анын атаандашы, Бириккен өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла шайлоону «жапырт уурдоо жана мыйзам бузуу» аркылуу өттү деп сындады. Ал 20-февралда: «Биз шайлоону толук жеңгендиктен бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт түзөбүз» деп «Твиттерге» жазган.

АКШнын Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Залмай Халилзад Ганинин инаугурацияны эки жумага жылдыруу жөнүндө чечимин кубаттады.

Бул «Ооганстандын жана анын элинин кызыкчылыгын камтыган өкмөт түзүүгө зарыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жетиштүү убакыт», – деди америкалык дипломат.

Гани менен Абдулла 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик экөөнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн. Бирок андан кийин деле эки лидердин тиреши токтогон жок.

XS
SM
MD
LG