Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Трамп Орусияга каршы санкцияларды узартты


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы абалдан улам Орусияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты. Эми Орусияга карата чектөөлөр 2021-жылдын 6-мартына чейин уланат.

Ак үйдүн басма сөз кызматы АКШнын улуттук кызыкчылыгына жана тышкы саясатына коркунучтар дагы эле бар болгондуктан чектөөлөр узартылганы айтылган.

Орусияга каршы санкциялар Украинанын чыгышындагы чыр-чатактан улам АКШнын мурдагы президенти Барак Обама тарабынан киргизилген. Ошондон бери Орусияга каршы чектөөлөр жыл сайын автоматтык түрдө 12 айга узартылып келет. Эгер санкцияларды алуу тууралуу президент 90 күн мурун өзү кабарлабаса, санкция улана берет.

АКШ санкциясынын «кара тизмесине» Орусиянын таасирдүү аткаминерлери, ири ишкерлери, бир нече чоң компаниялары жана өзүн өзү республика деп атап алган ДНР менен ЛНРдин жетекчилери кирген.

Вашингтон Украинанын эгемендигине жана андагы демократиялык баалуулуктарга Орусия коркунуч жаратарын бир нече ирет билдирген. Москва бул дооматтарды танып келет. (YI)

XS
SM
MD
LG