Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барат


Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. 11-июль, 2019-жыл.
Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. 11-июль, 2019-жыл.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, президент Сооронбай Жээнбеков 27-28-февралдагы иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Мындан тышкары орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен сүйлөшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада «Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө» гүлчамбар коюп, «Кыргызстан» павильонуна зыярат кылат.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 27-февралда Москвада Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.

Маалыматка ылайык, Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Орусияда саясий-экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлөрү күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG