Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди:
«Гидрометтин берген баштапкы маалыматы боюнча, көбүнчө бассейндерде суу нормадан 10-12% азыраак болот. Такталган маалымат апрелдин башында берилет».
Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Өкмөт быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болорун, бул былтыркыдан 2,3 миң гектарга көп экенин айтууда.
Кыргызстан - аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.
Быйыл кышында Кыргызстандын аймагында кар азыраак жаады. (RK)