Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:48

Абакта каза болгон казак активистинин тажиясы өтүүдө


Дулат Агадил. 2019-жылдын ноябрь айы.

Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин тажиясы өтүп жатат. Анын сөөгү Нур-Султан шаарынын четиндеги Талапкер айылында жерге берилет.

Алматы шаарында да ушу тапта эскерүү митинги өтүп жатат.

24-февралда кармалган активист арадан бир сутка өтүп, 25-февралда тергөө абагында каза болуп калган.

26-февралда маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына жөнөгөндөрдүн арасынан кеминде алты киши кармалган.

Маркумдун тарапташтары активисттин өлүмүнө ИИМ жана өлкөнүн бийлиги жооптуу деп эсептешет.

Бахытбек Капаевди, Айдар жана Айдын Байсагатовдорду полиция кармап кеткенин укук коргоочу Индира Какимова 25-февралда өзүнүн «Facebook» баракчасына жазды. Какимованын билдиргени боюнча үч активист тең ошол эле күнү эч кандай айыбы угузулбай кайрадан коё берилген. Буга байланыштуу укук коргоочулар активисттердин себепсиз кармалышы боюнча прокуратурага даттанууга даярданып жатышканын билдиришти.

Укук коргоочулардын айтымында ошол эле күнү дагы төрт адам кармалып, үйдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде коё берилген.

Алгачкы маалыматтарда Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгон болушу мүмкүн экени айтылды. Ал адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылып келген активист болчу. (YI)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG