Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

«Бир дүйнө - Кыргызстан»: Ошто сабалган адвокатыбыз опузага кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму Оштогу адвокаты Хусанбай Салиевди сабаган адам аны жогорку бийликтеги жакындары менен коркутканын айтууда. Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова окуяны Салиевдин ишмердигине байланыштырды: 

«Сабаган киши «Сен эч нерсе кыла албайсың, анткени менин туугандарым Ак үйдө да, парламентте да отурат. Жөн жүр» деп айткан. Жок жерден чыккан жок. Себеби бул укук коргоочулар коомдук чөйрөдө белгилүү болуп калышкан. Ишибизге байланыштуу чабуул экенин четке кага албайм. Бул «укук коргоочу адвокатка кол салуу, мыйзам чегинде жакшылап каралышы керек» деп милицияга кайрылдык, догдурга барып экспертизадан өттү».

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун маалыматына караганда, Ош шаарында 26-февралда Хусанбай Салиев эки кесиптеши менен автоунаада баратканда Салиева жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус» автоунаасы алдынан чыгып, анын айдоочусу авариялык абал түзгөн. Экөө тең сыртка чыгып, териштире баштаганда «Лексустун» айдоочусу адвокатты бетке эки жолу урган. Салиев жооп кайтарган эмес.

Исмаилованын айтымында Салиев соңку аптада жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу радикализмди, экстремизмди алдын алуу тууралуу маалыматтарды берип жаткан. 25-февралда абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты катары Бишкекке келип, Жогорку соттогу жараянга катышкан.

Чырдын экинчи тарабынан комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен катталганын «Азаттыкка» Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

«Тараптар бири-бирине ар кандай жүйөлөрдү айтып жатышат. Урган бала «жол бербей, авариялык абал түзүп, менин машинамды кысканы үчүн ачуумду кармай албай уруп жибергеним чын» деди. Ал эми юрист «Эч кандай кыскан эмеспиз. Анын көрсөтмөсү жалган» деди. Ким күнөөлүү экенин иликтөө көрсөтөт».

«Бир дүйнө Кыргызстан» ишмердүүлүгүн 2000-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан укук коргоо уюму. Анын өкүлдөрү Бишкекте жана Ошто иштешет. (RK) 

XS
SM
MD
LG