Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Чек ара боюнча акция өткөрүп жүргөн депутаттын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды


Сапарали Бөрүбаев.
Сапарали Бөрүбаев.

Баткен облустук сотунда Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, чек ара маселери боюнча акцияларды өткөрүп жүргөн Сапарали Бөрүбаевдин бөгөт чарасын каралды. Облустук сот ишти карап, Сапарали Бөрүбаевге карата Лейлек райондук сотунун аны 2 айга камакка алуу боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» мурдараак кабарлагандай, Сапарали Бөрүбаев «Ээнбаштык» беренеси боюнча шектүү катары кармалган, кийин Жазык кодексинин «Тоноо», «Жапырт башаламандык» жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» деген беренелеринин негизинде да сотко чейинки өндүрүш ачылганы маалым болгон.

Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар «Апрельская» тилкесинде «Алаурум» компаниясындагы башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналууда.

Бүгүнкү соттук кароого «Алтын кенине лицензиясы бар «А.Z. Internatiоnal» компаниясынын директорумун деп өзүн тааныштырган Сергей Юрченко да катышып, Сапарали Бөрүбаевге карата компаниянын дооматы жок экенин айтып, аны үй камагына чыгаруу туурасында сотко өтүнүч келтирди.

Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 14-апрелге чейин камакка алган. 12-февралда Катраңдын депутаты Нурдин Дүйшөбаевдин аны Бөрүбаев «эч бир себепсиз коомдук жайда уят сөздөр менен акаарат кылып, жерге жаткырып алып уруп, денесине зыян келтиргенин» айтып арызданганы негиз болгон.

Кийин Дүйшөбаев кайра тосмо арыз жазганы кабарланган. Бирок милиция андай арыз тергөөдөгү кылмыш ишине тиркелбегенин билдирген.

Бөрүбаев - «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы. Ал кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлигин «чабалдык кылып жатат» деп сындап келаткандардын бири. (JsA)

XS
SM
MD
LG