Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Бекешев: Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча сунушта кызыкчылык бар (видео)


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунда кызыкчылыктар бар деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү 27-февралда парламенттин жыйынында айтты:

«Мыйзамды Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети караш керек болчу. Сиз болсо (Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго) «жок, болбойт» деп жатасыз. Бул жерде кызыкчылыктар бардай сезилип жатат. Мен андай эмес деп ойлойм. Силерден бирөө «бат-баттан өткөрүп бергиле» деп сурангандай болуп жатат. Керек болсо өкмөт да мыйзам боюнча ыкчам түрдө корутунду чыгарып берди».

Мыйзам 2019-жылдын 31-декабрында коомдук талкууга коюлган. Быйыл февраль айында каттоодон өтүп, өкмөт мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде корутунду берген. Бекешев: «Өкмөт кайсы мыйзам долбоору боюнча ушундай ыкчам корутунду берчү эле?» деп сурады.

Ал эми сөз болуп жаткан мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Бактыбек Райымкулов документ элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишенимди жогорулатууга багытталганын айтты:

«Мыйзам долбоорунун максаты берилген маалымат менен элди ыңгайлуу жана түшүнүктүү интеграцияланган форматта тааныштыруу болуп эсептелет. Мыйзам долбоору мамлекет тарабынан көзөмөлдөөгө багытталган эмес. Ал элге маалымат берүү коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган».

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG