Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок


Коронавирус.
Коронавирус.

Оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар милдеттүү түрдө карантинден өткөрүлүп жатышат. Бул тууралуу 27-февралда коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн атайын штабдын жыйынында кабарланды. Чек арадагы бардык көзөмөл өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

«Январдан бери оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар кылдат иликтөөдөн өткөрүлүп, обсервация аймагында карантинге алынып, катуу текшерүүдөн соң гана өлкөгө киргизилип жатат» деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары штаб жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырып, соцтармактарда жарыяланып жаткан түрдүү божомолдорго көңул бурбоого үндөгөн.

Штаб жарандарды эл көп чогулуучу жерлерге барууну, андай иш-чараларды уюштурууну чектөөгө чакырып, өздүк гигиенанын эрежелерин бекем сактоону, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG