29 жаштагы тажикстандык жаранга Австриянын бийлиги качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Ал 22-январдан бери камакта отурат.
Чет жактарда жүргөн тажик оппозициячылары Шовализода мекенинде кыйноого кабыларын билдиришип, расмий Венадан чечимин карап чыгууну өтүнүштү.
Хизбулло Шовализода 4-мартта Австриядан Тажикистанга жиберилери кабарланган. Тажикстан улуттук альянсынын өкүлү Махмуджон Файзрахмонов Шовализодага Дүйшөмбү шаарына авиабилет алынганын айтты. Ал эми Вайсиддин Одинаевдин маалыматына караганда, Шовализода ага качкын макамы берилбеси белгилүү болгондон кийин камалган. Тажикстандын бийлиги Шовализоданы экстремизмге байланыштуу айыптап, издөө жарыялаган.
Тажикстандын бийлиги бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.
Былтыр 25-сентябрда Польшанын бийлиги тажикстандык жаран, «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Мустафо Хаетовду тажик бийлигине өткөрүп берген. Кыймыл Хаетов мекенинде кыйноого кабылат деген тынчсыздануусун билдирген. Бирок Дүйшөмбү шаарына баргандан кийин Хаетов эч кандай кыйноого кабылбаганын айтып чыккан.
2015-жылдан тартып Тажикстандын бийлиги өлкөдө тыюу салынган партиялардын жана уюмдардын мүчөлөрүн кысымга алып келет. Учурда «кара тизмеде» экстремисттик жана террористтик деп таанылган 17 саясий партия жана уюм бар.