Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Идлибдеги согушта Түркия 30дай жоокеринен ажырады


Идлибдеги сириялык аскерлер.
Идлибдеги сириялык аскерлер.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк жоокери мерт болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди.

Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооп иретинде сокку уруу» жөнүндө чечим кабыл алынды.

«Жыйында Асаддын режими жүз миңдеген сириялыктын өлүмү үчүн жооптуу экени белгиленип, биздин аскерлерге каршы курал колдонгон мыйзамсыз режимден өч алуу тууралуу чечим кабыл алынды... Биз эл аралык коомчулукту, өзгөчө Астанадагы сүйлөшүү процессинин катышуучуларын өз милдеттенмелерин аткарууга жана Асад режиминин адамзатка каршы жасап жаткан кылмыштарын токтотууга чакырабыз», - деди Алтун.

2017-жылы Астанада башталган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын арасында Орусия да бар. Бул өлкө Асаддын режимине аскердик жардам көрсөтүп жатса, Түркия оппозицияны колдоп келет.

XS
SM
MD
LG