Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

Шайлообек Дүйшеев ардактуу профессор наамына ээ болду


Шайлообек Дүйшеев.

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду. Мамлекеттик университетинин жетекчилиги акынга профессордук наамды студенттер менен 27-февралда уюштурулган жолугушууда тапшырды. Жолугушууда Шайлообек Дүйшеев студенттер менен баарлашып, ырларын окуп берди. Студенттер акындын чыгармаларынын негизинде даярдаган концертин тартуулашты.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев быйыл 23-февралда 70 жашка чыкты. Буга байланыштуу ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, үч томдук чыгармалар жыйнагын чыгарып берүү ниетин билдирген. Ал эми Кыргыз өкмөтү Орусиялык классик акындардын кыргыз тилине акын которгон чыгармаларын китеп кылып чыгарууга каражат бөлүүнү убада кылган.

Акын Шайлообек Дүйшеев он бештен ашык китептин автору. Анын ичинде автобиографиялык «Агындылар» китеби бар. Ал 2013-жылы жарык көрүп, жети жолу кайра басылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG