Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:17

Жергиликтүү кеңешке депутат болгон мектеп директорлорун бошотуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп директорлору менен башкы дарыгерлер жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланса, алардын кызматын өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аталган мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды. Депутат Аида Исмаилова «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга ушундай өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатат.

Долбоордо бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилери өз ишин депутаттык менен айкалыштырууга болбой тургандыгы жазылган. Бул көбүнесе мектеп директорлору менен жергиликтүү ооруканалардын жетекчилерине тиешелүү.

Буга чейин мындай кызматты ээлегендер жергиликтүү кеңешке шайланган соң өз ишин уланта беришчү. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG