Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Европа соту Бакуну журналистке кенемте төлөөгө милдеттендирди


Журналист Хадижа Исмаилова.
Журналист Хадижа Исмаилова.

Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан бийлигин журналист Хадижа Исмаиловага кенемте төлөөгө милдеттендирди. 2015-жылы журналист 7 жарым жылга түрмөгө кесилген. Исмаилова жана укук коргоочулар ал иштерди «жасалма, жок жерден ойлоп табылган» деп сыпаттап келишет.

Ошондо «Эркин Европа / Азаттык радиосу» менен кызматташып жүргөн журналист «Салык төлөөдөн качуу» жана «Коомдук акчаны максатсыз пайдалануу» беренелери боюнча соттолгон. Европа соту Исмаилова кесибине байланыштуу жазаланганын белгилеп, Азербайжан өкмөтү ага 25 миң евро төлөшү керек деген бүтүмгө келди.

43 жаштагы журналист 2016-жылы абактан мөөнөтүнөн эрте бошотулганы менен соттуулугу жоюлган эмес. Соттун ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечими да күчүндө турат. Исмаилова президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсүнүн коррупцияга болжолдуу аралашуусу тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

XS
SM
MD
LG