Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Асанов: ИИМдин жетекчилигинин ич күйдүлүгүнүн негизинде тергөө жүрдү


Курсан Асанов сотто. 28-февраль, 2020-жыл
Курсан Асанов сотто. 28-февраль, 2020-жыл

Бул тууралуу Кой-Таш окуясынын жүрүшүндө кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп айыпталган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 28-февралдагы соттон кийин билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Асанов өзүнө карата тагылган айыптарды "негизсиз жана ойдон чыгарылган" деп атады.

Ал 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяларга токтолуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасоого каршы болгонун билдирди:

“Ошол күнү барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Бирок айрым адамдар менин сөзүмдү укпай, ушул абалга алып келишти”, - деди Асанов.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланса, жардамчысы Дамир Пайзилда уулу камакка алынган.(BkA/AiN)

XS
SM
MD
LG