Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

АКШ Косовонун тарифтер боюнча чечимин колдогон жок


Косовонун премьер-министри Албин Курти, 26-февраль, 2020-жыл.
Косовонун премьер-министри Албин Курти, 26-февраль, 2020-жыл.

Кошмо Штаттары Косово өкмөтүнүн Сербиядан импорттолгон товарларга тарифтерди убактылуу жана жарым-жартылай гана алып туруу чечимин колдобойт.

Бул тууралуу АКШнын Сербия жана Косово боюнча чабарманы жана Германиядагы элчиси Ричард Гренелл билдирди. Жакындан бери АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директорунун милдетин аткарып жаткан Гренелл Косовонун премьер-министри Албин Курти "олуттуу ката" кетирип жатканын, тарифтер толугу менен алынышы керек экенин "Твиттерге" жазды.

Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялаган. АКШ Косовонун эгемендигин жактаган башкы мамлекеттердин бири. Бирок Сербия Косовону алигиче өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Расмий Приштина 2018-жылы Сербиянын товарларына 100 пайыздык тариф киргизген. 27-февралда Косовонун өкмөтү расмий Белград менен "саясий-экономикалык талаш-тартыштарды чечүүгө болгон ниетин" көрсөтүп, март айынын ортосунан тарта Сербиядан импорттолгон чийки материалдарга бажы төлөмдөрү жоюларын жарыялаган. Бирок Сербиянын калган товарларына коюлган тарифтер 1-апрелден тарта 90 күнгө гана убактылуу алынмай болгон.

XS
SM
MD
LG