Иранда парламенттин төрт депутаты өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алды.
Межлистеги 30 депутаттын төртөө илдетке кабылганын парламенттик президиумдун мүчөсү Мохаммад Али Вакили 28-февралда “Твиттер” аркылуу кабарлады.
Иранда Кытайдан чыккан COVID-19 вирусун жугузуп алган бир нече жогорку кызматтагы адамдардын арасында аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президент Масумех Эбтекар да бар.
Бул өлкөдө вирус тездик менен жайылып, соңку бир суткада эле сегиз киши илдеттен каза тапты. Иранда вирустан көз жумгандардын саны 34 кишиге жетип, инфекцияны баш-аягы 388 адам жугузуп алды.
Кытайдын өзүндө вирусту жугузуп алгандар 78 824 адамга жетип, баш-аягы 2788 киши көз жумду.