Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Балыкчыда көлгө чөгүп бараткан жеринен 8-класстын окуучусу куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов ырастады. Маалыматка караганда, окуя 26-февралда болгон.

Чоң атасынын колунда тарбияланган кыз ажырашып кеткен ата-энесине таарынып, көлгө чөгүп, өз өмүрүн кыюуну чечкен. Бул тууралуу Бишкекте иштеген апасы Балыкчы милициясына кабар берген.

Маалыматтан кийин мэриянын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери да көл жээгине келип, сууга кирип бараткан кызды куткарып калышкан.

Окуя боюнча милиция комментарий бере элек. (KS)

XS
SM
MD
LG