Тажик тарап Кыргызстандын аймагына кирип кеткен чек арачылар боюнча териштирүү иштерин жүргүзөрүн убада кылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 29-февралда Тажикстандын куралсыз эки чек арачысы Кыргызстандын Сай аймагына 30-40 метр кирип кетишкен. Муну жергиликтүү тургундар көрүп кыргыз тараптын чек арачыларына маалымат берген. Аталган жерге застава башчысы келип тажик чек арачылары жергиликтүү тургунду - Кыргызстандын жаранын көрүп кайра Тажикстандын аймагына кайтканын аныктаган.
Бул факты боюнча кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү боюнча түшүндүрмө талап кылган.
Тажикстан чек арачылары адашып калганын, бул аймакта инженердик тосмолор болбогонун айтып, аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзөрүн убада кылды.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 1000 чакырымдай. Анын 400 км жакыны ушул күнгө чейин такталбай, шарттуу сызык боюнча турат. Акыркы эки жылдан бери чек араны тактоо иши тынымсыз жүргөнү айтылганы менен, азырынча натыйжасы билине элек. Мунун айынан жаңжалдар да азайган жок. (BTo)