Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Милиция Төлөгөновдун суракка алынышы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн мүчөсү Доктурбай Төлөгөновдун суракка алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Облустук милиция тараткан маалыматка караганда, Төлөгөнов жалпы республика боюнча жүрүп жаткан түшүндүрүү иштеринин алкагында 29-февралда Ысык-Ата райондук милициясына алынып келинген. Бир саат маектешүүдөн кийин кайра коё берилди.

Ошондой эле өлкөдө коомдук коопсуздук, кылмыштуулук боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп анын алкагында милициянын каттоосунда турган адамдар текшерилип жатканы кабарланды.

«Жарандардан муну түшүнүү менен кабыл алышын жана аны саясатташтырбашын суранабыз» деп айтылат маалыматта.

КСДПнын Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева29-февралда Доктурбай Төлөгөновду Ысык-Ата райондук милициясына алып кетишкенин, милиция андан 2-марттагы митингге катышар-катышпасын, ага тиешеси бар-жогун сураганын жазган. Муну менен Атамбаевдин тарапташтарына басым болуп жатканын айткан.

Камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшөрүн, анда бийликтен саясатчыны бошотууну, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышарын айтышууда.

Жарандык активисттер жана «митингге катышам» дегендер митингди утурлай милиция аларды суракка чакырып, үйлөрүнө барып 2-марттагы акция боюнча маалымат алып жатканын билдиришүүдө. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG