Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан дарыгер кызматтан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткан Оштун Өзгөн районунун аймактык ооруканасынын дарыгери Нурила Жамантай кызы өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөн аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Сатар Жусупов билдирди.

Мунун алдында кызматтан кеткен дарыгердин элден кечирим сураган видео кайрылуусу тараган. «Социалдык тармактарда тамашалап туура эмес, жалган маалымат берип алганыма өкүнүп жатам. Бул маалымат чындыкка дал келбейт» деп айтылат кайрылууда.

Ош облустук милициясы бул окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

28-29-февраль күндөрү «бейтап коронавирус жуктуруп алган деген шек менен Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылганы» боюнча аудио социалдык тармактарга тарап кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбесин, Кыргызстанда вирусту жуктурган учур катталбаганын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматына караганда, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус 86 миңге жакын кишиге жугуп, вирустан 3000дей адам каза болду. Коронавирус 60ка жакын өлкөдө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү кытайлар. (MdN)

XS
SM
MD
LG