Кошмо Штаттарында 29-февралда коронавирустан адам өмүрү кыйылган биринчи учур катталды. Бейтап Вашингтондо каза болду.
Ак үйдө өткөн брифинг учурунда АКШнын президенти Дональд Трамп вирустан аял өлгөнүн билдирген. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги Трамп жаңылыш маалымат берип алганын кабарлап, эркек киши каза болгонун тактады.
1-марттагы маалыматка караганда, Кошмо Штаттарында коронавирусту 69 адам жуктуруп алды. Алардын көпчүлүгү вирусту чет өлкөлөрдөн жана «Diamond Princess» саякат кемесинен жуктурушкан.
Дональд Трамп америкалыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, илдетти жуктургандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Ошол эле учурда «бийлик кандай гана кырдаал болбосун даяр» деди.
Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус 86 миңге жакын кишиге жугуп, вирустан 3000дей адам каза болду. Коронавирус 60ка жакын өлкөдө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү кытайлар.
1-мартта Арменияда вирустун биринчи учуру катталды. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян вирус жуккан киши Ирандан 28-февралда учак менен келгенин, кийин дарылануу үчүн ооруканага жаткырылганын айтты. (BTo)