Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Грекиянын чек арасына миңдеген качкын тирелди


Түркиядан Грекияны көздөй келаткан качкындардын бир тобу. 1-март, 2020-жыл.
Түркиядан Грекияны көздөй келаткан качкындардын бир тобу. 1-март, 2020-жыл.

Жекшембиде Түркия менен Грекиянын чек арасына жүздөгөн мигрант келип, Евробиримдиктин аймагына өтүүгө аракет кылды. Грек полициясы аларды көздөн жаш агызчу газ менен каршы алып, токтотту. «Reuters» агенттиги тараткан видеодон полиция тарапка таш ыргытып аткан качкындарды көрүүгө да болот.

Түркия буга чейин мекенинен качып чыккан сириялыктарды аймагында кармай албай турганын, Европаны карай эшигин ачарын билдирген эле.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу 1-марттын таңына карай 76 миңден ашуун адам Грекия жана Болгариядагы чек аралар аркылуу чыгып кеткенин «Твиттерге» жазды.

Түрк министринин маалыматын расмий София да, Афины да ырастай элек.

1-мартта болгар аткаминерлери бир да качкын алардын аймагына мыйзамсыз өтпөгөнүн билдиришти.

Ушул эле күнү Евробиримдиктин чек ара коопсуздугуна жоопкер Фронтекс агенттиги «жогорку даярдыкка» өткөнүн, Грекияга кошумча жардам жөнөтүп жатканын билдирди.

Сирияда кырдаал курчуп, атышуу күчөгөн сайын Түркияга жөнөгөн качкындар көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG