Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Коронавирус өмүрүн алган кишилердин саны үч миңден ашты


Лувр музейинин алдындагы чет элдик туристтер. 29-февраль, 2020-жыл.
Лувр музейинин алдындагы чет элдик туристтер. 29-февраль, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 89 миңден ашты. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул оору 63 өлкөгө тарады.

WorldOmeter ресурсунун 1-мартта саат 9:00гө карата тараткан маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясы 3046 кишинин өмүрүн жалмады. Аны жугузуп алган 45 113 адам сакайды.

Италияда соңку бир суткада 500дөн ашуун киши дартка чалдыгып, оорулуулардын саны бул өлкөдө 1700гө жетти. Алардын 34ү жашоо менен кош айтышты.

Чехия өкмөтү жекшемби күнү бул вирусту жугузуп алган үч адам аныкталганын билдирди. Алар - эки чех, бир АКШ жараны, Италиянын үч башка аймагынан келишкен.

Париждеги белгилүү Лувр музейи коронавирус коркунучунан улам 1-мартта ачылган жок. Музейдин кызматкерлери жумушка чыкпоону чечишти.

Коронавирустан улам көз жумгандардын жүздөн ашыгы башка өлкөлөрдө, калганы Кытайда катталды.

Өпкөнү сезгентүүчү бул илдет Кытайдан кийин эле Иранда, Италияда, Түштүк Кореяда жана Жапонияда эң көп тарап жатат.

Иранда коронавирустан каза тапкандар 54кө жеткени туурасында расмий кабарланууда. Бирок эксперттер бул чыныгы көрсөткүчтөн алда канча аз болушу мүмкүн экенин, бийлик чыныгы абалды жашырып жатышы ыктымал экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG